АКИpress - «О!Банк» ААКтын башкарма курамы өзгөрдү.
Директорлор кеңешинин 27-марттагы чечими менен банктын башкарма төрайымы Алия Чыныбаеванын ыйгарым укуктары токтотулду. Ал өз каалоосу менен кызматтан кетти. А.Чыныбаева бул кызматты 2024-жылдан бери аркалап келген.
Ошондой эле 30-марттагы акционерлердин жылдык жалпы чогулушунун чечими менен А.Чыныбаева банктын директорлор кеңешинин мүчөсү болуп шайланды.