14:54, 31-март, 2026
Учурда окулуп жатат
11:39, 31-март, 2026 (28 адам окуп жатат)
Темирболот Абыкеев жаңы кызматка дайындалды
11:29, 31-март, 2026 (27 адам окуп жатат)
Нарынга жаңы мэр дайындалды
14:32, 31-март, 2026 (26 адам окуп жатат)
Нарын шаарына жаңы мэр келди. Ал ким?
12:06, 31-март, 2026 (14 адам окуп жатат)
Эдилбек Тажимырзаев Кара-Көлдүн мэри болду

Кара-Сууда кадастр жана айыл өкмөт кызматкерлери коррупцияга шектелүүдө

На русском
10:57, 31-март, 2026 249

АКИpress - Кара-Суу районунда жер тилкелерин мыйзамсыз менчикке өткөрүү фактысы аныкталды, деп билдирди УКМК.

Тактап айтканда Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Кара-Суудагы филиалынын жана Манас (мурдагы Нариман) айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин жер тилкелерин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүү, транформациялоо жана сатуу аракети аныкталды.

«2011-жылы Манас айыл өкмөтүнүн кызматкерлери Ош шаарынын жанында жайгашкан 0,77 гектар айыл чарба жер тилкесин мамлекеттик менчиктен жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп беришкен. 2024-жылы айыл өкмөттүн башчысы жер тилкесин мыйзамсыз түрдө «айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «калктуу конуш» категориясына өзгөртүп, бул жер баасынын жогорулашына алып келген. Андан соң жер тилкеси көп кабаттуу турак жай куруу үчүн үчүнчү жактарга сатылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө Жер ресурстары агенттигинин 4 кызматкери: Ш.З., А.Ж., Ч.Д., М.Э. жана Манас айыл өкмөтүнүн 2 кызматкери: Р.А. жана Х.Н. коррупция боюнча айыпталды», - деп айтылат расмий маалыматта.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»