12:17, 31-март, 2026
Учурда окулуп жатат
11:39, 31-март, 2026 (183 адам окуп жатат)
Темирболот Абыкеев жаңы кызматка дайындалды
11:29, 31-март, 2026 (74 адам окуп жатат)
Нарынга жаңы мэр дайындалды
11:46, 31-март, 2026 (42 адам окуп жатат)
Базар-Коргонго жаңы аким дайындалды
12:14, 31-март, 2026 (31 адам окуп жатат)
Бакытбек Кошалиев Кызыл-Кыянын мэри болду

Токтогулда «Йакын Инкардын» 9 мүчөсү агымдан баш тартты

На русском
10:52, 31-март, 2026 210

АКИpress - 27-мартта Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда «Йакын Инкар» диний-экстремисттик кыймылынын 9 мүчөсүнө карата түшүндүрүү-алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү, деп билдирди 31-мартта УКМКнын басма сөз кызматы.

Мечитке жума намаз окуу учурунда катышуучуларга диний бөлүнүүгө жол берилбестиги, коомдук ынтымактын маанилүүлүгү жана ханафий мазхабынын негизинде салттуу исламды жана матурудий акыйдасын кармануу тууралуу түшүндүрүлдү.

Алдын алуу иштеринен кийин 9 адам «Йакын Инкардан» мүчөлүгүнөн ыктыярдуу баш тартышты. УКМК билдиргендей, алар өз ишениминин зыяндуулугун жана туура эмес экендигин түшүнүп, мыйзамдарга жана ченемдик-укуктук актыларга, Уламалар кеңешинин чечимдерине, муфтияттын талаптарына баш ийүүгө даяр экендигин билдиришип, өз тарапкерлерин жана жолдоочуларын бул идеядан баш тартууга чакырышты.

  • Кыргызстанда «Йакын Инкар» уюмуна 2017-жылдан бери тыюу салынган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»