12:21, 31-март, 2026
Учурда окулуп жатат
11:39, 31-март, 2026 (211 адам окуп жатат)
Темирболот Абыкеев жаңы кызматка дайындалды
11:29, 31-март, 2026 (92 адам окуп жатат)
Нарынга жаңы мэр дайындалды
12:14, 31-март, 2026 (42 адам окуп жатат)
Бакытбек Кошалиев Кызыл-Кыянын мэри болду
11:46, 31-март, 2026 (34 адам окуп жатат)
Базар-Коргонго жаңы аким дайындалды

Кыргызстанда мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү акысыз алмаштыруу кампаниясы аяктады

На русском
10:47, 31-март, 2026 156

АКИpress - Кыргызстанда мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча убактылуу улуттук кампания жыйынтыкталды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Документке ылайык, мөөнөтсүз күбөлүктөрдү 2025-жылдагы жаңы үлгүлөргө акысыз алмаштыруу боюнча кампания расмий түрдө 2026-жылдын 31-мартында аяктады.

Ошол эле учурда, 2026-жылдын 1-апрелинен 31-декабрына чейин мындай айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу уланып, бирок мурунку тартипте — акылуу болот. Белгиленгендей, жарандардан медициналык маалым кат талап кылынбайт.

Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамын каттоо боюнча мамлекеттик борборго кампаниянын аяктагандыгы тууралуу маалыматтык кампанияны жүргүзүү, ошондой эле жыйынтыктоочу отчетту даярдоо тапшырылды. «Кызмат» мамлекеттик мекемеси да ушундай отчетту берет.

Жарлык менен бул кампанияны баштаган 2026-жылдын 22-январындагы документ да күчүн жоготту деп табылды.

31-мартка чейин, анын ичинде, күбөлүктөрдү алмаштырууга арыз берген жарандар, каттоо мөөнөтүнө карабастан, мурдагы шарттарда документтерди ала алышат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»