11:38, 31-март, 2026
Учурда окулуп жатат
11:22, 31-март, 2026 (22 адам окуп жатат)
Илияз Ташбаев Москва районунун жаңы акими болду
11:29, 31-март, 2026 (12 адам окуп жатат)
Нарынга жаңы мэр дайындалды

Кыргызстандын Ирандагы элчилиги ишин убактылуу токтотту, - министрлик

На русском
09:57, 31-март, 2026 256

АКИpress - Кыргызстандын Ирандагы элчилиги убактылуу ишмердүүлүгүн токтотконун Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеме Ирандагы кыргызстандыктарга сак болууну, жеке коопсуздук чараларын сактоону, адамдар көп чогулган жерлерден жана кооптуу аймактардан алыс болууну, жергиликтүү бийлик органдарынын талаптарын аткарууну сунуштайт. Өздүк документтерди дайыма жанында алып жүрүү жана расмий билдирүүлөрдү кылдаттык менен байкоо зарыл.

Ошондой эле, Тышкы иштер министрлиги Иранга сапарды убактылуу токтото турууну кайрадан сунуштайт.

Өзгөчө кырдаал жаралса же консулдук-укуктук жардам алуу зарылчылыгы келип чыкса, кыргызстандыктар Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментине жана КРнын Иранга чектеш өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө кайрыла алышат.

Байланыш маалыматтары:

- Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти (күнү-түнү): +996 999 312 002, E-mail: dks@mfa.gov.kg.

Кошумча телефон номурлар:

- Кыргызстандын Азербайжандагы элчилиги: +994 993 312 312, +994 12 505 56 74, +994 55 750 53 01;

- Армениядагы КРнын Ардактуу консулу: +374 91 919191;

- Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги: +90 312 491 35 06, +90 545 689 68 00;

- Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчилиги: +993 12 48 22 95, +993 12 48 22 96, +993 65 69 40 59;

- Кыргызстандын Ооганстандагы элчилиги: +93 77 9099326, +93 77 9099326, +93 77 654 4504 (WhatsApp).

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»