12:56, 31-март, 2026

Иран Ормуз кысыгы аркылуу өткөн кемелерден төлөм алуу планын жактырды

На русском
09:53, 31-март, 2026 302

АКИpress - Иран парламентинин коопсуздук боюнча комиссиясы Ормуз кысыгы аркылуу өткөн кемелерден төлөм алуу боюнча планды жактырды. Бул планга ылайык, АКШ жана Израил менен байланышкан кемелер кысык аркылуу өтө албайт. Ал эми калган кемелер иран риалы менен төлөм төлөшү керек болот.

АКШ мындай кадамга буга чейин эле каршы экенин билдирген. Мамлекеттик катчы Марко Рубио Вашингтон Ирандын бул маанилүү жол аркылуу өткөндөрдөн акы алышына жол бербей турганын айтты.

Ормуз кысыгы дүйнөлүк мунай рыногу үчүн өтө маанилүү. Чыр башталганга чейин дүйнөдөгү мунай жеткирүүнүн болжол менен бештен бири ушул кысык аркылуу өтүп турган. Кийин Иран иш жүзүндө кысыкты жаап, мунун кесепетинен мунай баалары кескин өсө баштаган.

22-мартта АКШнын президенти Дональд Трамп кысыкты ачуу талабын коюп, Ирандын электр станцияларына сокку урулушу мүмкүн экенин эскерткен. Андан кийин, 24-мартта Иран Пакистан, Кытай, Россия, Индия жана Ирактан келген кемелер Тегеран менен макулдашуу аркылуу кысыктан өтө аларын билдирген. Ушундан кийин Трамп сокку урууну кийинкиге жылдырганын билдирген.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»