АКИpress - Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы (U-23) Түркиядагы окуу-машыгууда экинчи беттешин өткөрдү.
30-мартта башкы машыктыруучунун милдетин аткаруучу Урмат Абдукаимовдун жетекчилиги астындагы команда Сербия курама командасы менен беттешти.
Оюн сербиялык команданын 2:0 эсебиндеги жеңиши менен аяктады.
Бул эки команданын экинчи оюну. 26-мартта командалар 2:2 эсебинде тең ойношкон.