АКИpress - Бишкектин Биринчи май районунда чылым чегүү жана тынчтык жөнүндө мыйзамдардын сакталышы боюнча рейд өткөрүлдү.
Акимчиликтин маалыматына ылайык, рейддин жүрүшүндө Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан «Мюнхен паб» караоке-барына, «Nar» ресторанына жана «Aiyl» этно-ресторанына карата жалпы суммасы 113 миң сомду түзгөн 3 протокол түзүлдү.
Мындан тышкары, Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери аталган жайлардын конокторуна карата жалпы суммасы 9000 сомдук 3 протокол түзүштү.
• Буга чейин «Мюнхен пабга» ызы-чуунун деңгээли жана чылым чегүү боюнча эскертүү берилген. Кайрадан текшерүү учурунда талаптар аткарылбаганы аныкталып, 13 миң сом айып пул салынды.
• «Nar» ресторанынын ичинде тамеки чегүү фактысы катталып, 50 миң сом айып пул салынды.
• «Aiyl» этно-ресторанында кальян чегүү фактысы аныкталып, 50 миңге айыпка жыгылды.