02:07, 1-апрель, 2026

Бишкекте «Мюнхен паб», «Nar» жана «Aiyl» жайлары айыпка жыгылды

На русском
09:32, 31-март, 2026 279

АКИpress - Бишкектин Биринчи май районунда чылым чегүү жана тынчтык жөнүндө мыйзамдардын сакталышы боюнча рейд өткөрүлдү.

Акимчиликтин маалыматына ылайык, рейддин жүрүшүндө Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан «Мюнхен паб» караоке-барына, «Nar» ресторанына жана «Aiyl» этно-ресторанына карата жалпы суммасы 113 миң сомду түзгөн 3 протокол түзүлдү.

Мындан тышкары, Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери аталган жайлардын конокторуна карата жалпы суммасы 9000 сомдук 3 протокол түзүштү.

    • Буга чейин «Мюнхен пабга»  ызы-чуунун деңгээли жана чылым чегүү боюнча эскертүү берилген. Кайрадан текшерүү учурунда талаптар аткарылбаганы аныкталып, 13 миң сом айып пул салынды.

    • «Nar» ресторанынын ичинде тамеки чегүү фактысы катталып, 50 миң сом айып пул салынды.

    • «Aiyl» этно-ресторанында кальян чегүү фактысы аныкталып, 50 миңге айыпка жыгылды.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»