АКИpress - Акжол Махмудов япониялык Олимпиада чемпиону Нао Кусаканы жеңди.
Беттеш 28-мартка караган түнү Ташкентте өткөн «PWL 11» спорттук күрөш боюнча эл аралык турнирдин алкагында болду.
Биринчи бөлүктө Кусака алгач 2 упай алып, андан соң дагы 4 упай алып, 6:1 эсеби менен алдыга чыкты.
Андан кийин Махмудов бир нече ыкмаларды көрсөтүп, кармашты мөөнөтүнөн мурда жыйынтыктады.
Кармашуунун жыйынтыктоочу эсеби Махмудовдун пайдасына — 19:6 болуп чечилди.