19:44, 31-март, 2026

Бишкектеги 7-апрель көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат

На русском
09:17, 31-март, 2026 253

АКИpress - Бишкек шаарында 31-март күнү саат 20:00дөн 1-апрель күнү саат 12:00гө чейин 7-апрель көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн Шоокум көчөсүнө чейинки тилкеси убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Аталган тилкеде жөө адамдар өтүүчү жер үстүндөгү өтмөктүн темир конструкцияларын орнотуу иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу айрым автобустардын жолу убактылуу өзгөртүлөт.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»