АКИpress - Кыргызстандык спортчу Сезим Жуманазарова Өзбекстанда өткөн күрөш боюнча эл аралык мелдеште жеңишке ээ жетти.
PWL лигасынын кезектеги мелдеши 27-мартта Ташкентте өттү.
59 кг салмак категориясындагы беттеште кыргызстандык спортчу Азия оюндарынын байге ээси, Азия чемпионатынын финалисти жана Азиянын жаштар арасындагы чемпиону, өзбекстандык Лайлохон Собирова менен кармашты.
Кыргызстандык спортчу 9:3 эсебинде жеңишке жетти.