22:20, 31-март, 2026

«АКИpress» миллиондогон жаңылыкты камтыган жаңы «AKI Net» продуктусун сунуштайт

На русском
09:00, 31-март, 2026 207

АКИpress - «АКИpress» AKI Net жаңы продуктусун сунуштайт.

«AKI Net» «АКИpress′тин» жаңылыктарында чагылдырылган адамдар, окуялар, компаниялар жана уюмдар тууралуу эң эле толук маалыматты тез алууга мүмкүндүк берет.

Бир эле сурам менен көп жылдык окуялардын чынжырын, ар кандай адамдардын, компаниялардын өз ара байланыштарын билүүгө, Кыргызстанда сизди кызыктырган адамдын тагдырын, эгерде алар тууралуу мурда akipress.org сайтында жарыяланган болсо, аны аныктоого жардам берет.

«AKI Net′тин» артыкчылыгы – бул чейрек кылымдан ашык убакыт бою «АКИpress» редакторлору жана кабарчылары тарабынан кылдаттык менен даярдалган, текшерилген жана расмий маалыматтарга таянуу.

Тарыхый окуялар, Кыргызстандын тарыхындагы маанилүү жаңылыктар, саясаттагы, спорттогу, медицинадагы, маданияттагы, билим берүүдөгү конкреттүү инсандар, түрдүү жылдардагы сүрөттөр, республиканын аймактарынан кабарлар, экономикалык маалыматтар жана долбоорлор, өлкөнүн ири компанияларынын түзүлүшү – мунун баарын «AKI Net′тен» билүүгө болот.

«АКИpress» сервис үчүн узак мөөнөттүү өнүктүрүүнү жана колдоону, жаңы функцияларды кошууну, маалыматты издөөнүн өркүндөтүлгөн алгоритмдерин жана башка пайдалуу куралдарды киргизүүнү пландап жатат.

«AKI Net′ке» жазылууну кааласаңыз, биз менен байланышыңыз.

Алгачкы кардарлар үчүн арзандатуулар каралган:

Жылына 150000 сомдун ордуна — 120 миң сом.

АКИpressтин учурдагы жазылуучулары үчүн алардын тарифтик планын «AKI Net′ти» кошуу менен толук баанын бир бөлүгүнө жаңыртуу каралган.

Сервис https://akinet.kg/ шилтемеси аркылуу жеткиликтүү.


 

Байланыш үчүн:

+996554202995

E-mail: mtazabek@gmail.com

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»