20:05, 31-март, 2026

Ат-Башыда атайын техника сатып алуудагы алдамчылыктын бети ачылды

На русском
08:55, 31-март, 2026 370

АКИpress - Ат-Башы районунун Ат-Башы айыл аймагында жаңы техника сатып алууда мамлекетке зыян келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Тактап айтканда жаңы атайын техника сатып алууда мамлекетке 5 млн 363 миң сом зыян келтирилген.

«2025-жылдын апрель айында Ат-Башы айыл аймагында жаңы таштанды ташуучу унааны жана жаңы кран-манипуляторду сатып алуу боюнча тендер жарыяланган. Натыйжада "В." ЖЧКсы жеңүүчү деп табылып, жалпысынан 10 млн 863 миң сомго келишим түзүлгөн. Техника "Ат-Башы-Тазалык" муниципалдык ишканасынын балансына өткөрүлүп берилген.

Эксперттик баалоо боюнча, тендерден кийин жеткирилген таштанды ташуучу унаанын шасси номуру өзгөртүлгөн, унаа 2019-жылкы тетиктер менен жабдылып, салону кайра сырдалган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында зыяндын орду толтурулуп, тендердин  талаптарына жооп берген 5 миллион 363 миң сомдук 2025-жылы чыгарылган жаңы “DONGFENG” таштанды ташуучу унаасы алып келинди», - деп айтылат маалыматта.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»