10:16, 31-март, 2026

2-апрелде Бишкектин бир катар көчөсүндө суу өчүрүлөт

08:52, 31-март, 2026 154

АКИpress - 2-апрелде Бишкектин айрым бөлүгүндө турак үйлөргө, мектептерге, мектепке чейинки мекемелерге, саламаттыкты сактоо жана башка социалдык-тиричилик багытындагы жана өнөр жай объекттерине саат 09:00дөн 20:00гө чейин ичүүчү суу берүү токтотулат.

Өчүрүү району:

  • Ала-Арча дарыясы – темир жол линиясы;
  • Жибек Жолу - Жаш Гвардия бульвары;
  • Жаш Гвардия бульвары – темир жол линиясы;
  • Фрунзе көчөсү Манас пр.;
  • Ала-Арча дарыясы Дэн-Сяопин көч.;
  • Бөкөнбаев көчөсү – Кулиев көчөсү – Москва көчөсү – Пишпек көчөсү – Фучик көчөсү – Казаков көчөсү.

Өчүрүү «Батыш-2» суу сактагычындагы жана шаардагы суу түтүктөрүндөгү оңдоо-профилактикалык иштердин жүрүшүнө байланыштуу. «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы уюмдардан, калктан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»