АКИpress - Кыргызстандык Ратбек Жуманазаров Африкадагы дзюдо боюнча эл аралык мелдеште 3-орунду ээледи.
29-мартта Дакарда (Сенегал) Африканын ачык кубогунун кезектеги этабы өттү.
Жуманазаров 81 кг салмак категориясында ат салышты, бул салмакка 19 спортчу катышкан.
Кыргызстандык спортчу биринчи беттеште сенегалдык спортчуну жеңгени менен, чейрек финалда алжирлик дзюдочуга утулуп калды.
Жубатуучу турнирде Жуманазаров алгач марокколук спортчуну утту, ал эми 3-орун үчүн беттеште алжирлик спортчудан күчтүү болду.