21:53, 31-март, 2026

Бишкекте салттуу кол өнөрчүлүк борбору ачылат

На русском
08:48, 31-март, 2026 158

АКИpress - 2-апрелде Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде Салттуу кол өнөрчүлүк борборунун салтанаттуу ачылыш аземи өтөт. Иш-чара Корея Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы долбоордун алкагында өткөрүлөт.

«Борбордун негизги максаты — салттуу кол өнөрчүлүктү жайылтуу жана даңазалоо. Жаңы борбор заманбап жабдуулар менен камсыздалып, мастер-класстар, лекциялар жана билим берүү программаларын өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Келген коноктор салттуу кол өнөрчүлүк менен жакындан таанышып, буюмдарды жасоо ыкмаларын үйрөнө алышат.

Ачылыш аземинде эки көргөзмө сунушталат: «Текстиль. Заман жиби» (кураторлор: Чолпон Дэмут-Осмоналиева, Алима Токмергенова), «Уя. Салттуу кол өнөрчүлүктөн XXI кылымдын модернизмине чейин» (кураторлор: Аймира Эсеналиева, Чолпон Дэмут-Осмоналиева).

Ошондой эле музейдин короосунда «Khan Bazaar» жарманкеси уюштурулат», - дейт Маданият министрлиги.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»