01:07, 1-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
09:06, 30-март, 2026 (3 адам окуп жатат)
Балык уулоо сезону расмий түрдө ачылды
12:56, 30-март, 2026 (2 адам окуп жатат)
«Акнеттин» ишинде мүчүлүштүк байкалууда
14:32, 31-март, 2026 (2 адам окуп жатат)
Нарын шаарына жаңы мэр келди. Ал ким?

Токмокто Камчы Көлбаевге тиешеси барлардын курал сактаган жери табылды

На русском
08:25, 31-март, 2026 1057

АКИpress - Токмок шаарында маркум кримавторитет К.Көлбаевдин (К.Асанбектин) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө таандык ок-дары сакталган жай табылды.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, эки мылтыктын кыскартылган түрү, эки мина, бир граната, тротил, бир беткап, эки бычак, үч жарык бергич жана ар кандай калибрдеги ок-дарылар табылды.

«Бул арсенал өзгөчө оор кылмыштарды, анын ичинде өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу максатында даярдалган болушу ыктымал», - деп айтылат билдирүүдө.

Табылган куралдар боюнча соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, мурда жасалган кылмыштарда колдонулгандыгын аныктоо боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»