03:32, 31-март, 2026

Нарын—Баетов—Макмал унаа жолун оңдоого даярдык башталды, - Транспорт министрлиги

На русском
20:28, 30-март, 2026 277

АКИpress - Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Улукбек Жанибеков Нарын облусуна барып, Нарын—Баетов (5–120 км) жана Баетов—Макмал (0–30 км) унаа жолунун тилкелеринде аткарылып жаткан иштердин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул тилкелерде алдыда боло турган курулуш иштеринин алкагында карьерлерди иштетүү сыяктуу даярдык иштери башталды.

«Долбоорго ылайык, курулуш материалдары менен камсыз кылуу үчүн карьерлерди даярдоо иштери жүрүп жатат. Бул багытта подряддык уюмдар — "China Railway №5", "Вэнчинь" компаниялары жана №1 Жол курулуш башкармалыгы (ЖКБ) тарабынан зарыл болгон уюштуруу жана техникалык иш-чаралар көрүлүүдө. Учурда объектте топографиялык изилдөөлөр жана башка даярдык иштери жүргүзүлүүдө», - деп айтылат билдирүүдө.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»