АКИpress - Бишкектин 3 жана 7-кичи райондорунда 31-мартта ичүүчү суу берилбейт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Суу эртең мененки саат 09:00дөн түнкү саат 24:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо объекттеринде жана социалдык-тиричилик жана өнөр жай объекттеринде болбойт.
Өчүрүү аймагы: Чоң-Арык көчөсү – Юнусалиев көчөсү – Ахунбаев көчөсү – Жукеев-Пудовкин көчөсү – Сүйөркулов көчөсү.
Суу берүүнүн токтотулушу D-400 мм түтүк линиясында авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.