23:48, 30-март, 2026

Сүрөтчүлөр союзунүн өкүлдөрү Сүрөтчүлөр үйүнөн кай жерге көчүү сунушталганын айтып беришти

На русском
17:53, 30-март, 2026 324

АКИpress - 30-мартта Бишкек шаардык кеңешинин комиссиясы Чүй проспекти, 108 жана Киев көчөсү, 55 даректериндеги эки жер тилкени мамлекетке өткөрүп берүү маселесин карады.

Бул демилге Президенттин иш башкармалыгынын кайрылуусунун негизинде сунушталууда. Буга чейин Чүй, 108 дарегиндеги жер Сүрөтчүлөр союзуна Сүрөтчүлөр үйү үчүн, ал эми Киев, 55 дарегиндеги жер жеке компанияга берилген. Эми мэрия бул чечимдерди жокко чыгарды. Бийлик бул кадамды шаарды өнүктүрүү жана бирдиктүү архитектуралык көрүнүштү түзүү планы менен түшүндүрүүдө.

Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Жакшыбек Жунушев Сүрөтчүлөр үйү дээрлик 100 жылдык тарыхы бар маанилүү маданий борбор экенин айтты. Анын айтымында, ал жерде өзгөчө жабдуулар жана көркөм билим берүү системасы жайгашкан. Бирок алардын ордуна болгону бир нече бөлмө сунушталган.

Айрым депутаттар аларга тең баадагы имарат берүү керек деп эсептешет. Ошондой эле Киев көчөсүндөгү жердин башка ээлерине да эски имарат сунушталып, аны өздөрү кармоого тийиш экени айтылды.

Депутаттар азырынча бул аймактардын келечеги боюнча так маалымат жок экенин белгилеп, маселени кийинкиге жылдырууну сунушташты. Эксперттер соттук териштирүүлөр болушу мүмкүн экенин эскертип, бул имараттарды бузуу да мүмкүн болбой калышы ыктымал экенин айтышты. Анткени бул тарыхый объект болгондуктан, андагы объекттер сакталууга тийиш.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»