03:49, 31-март, 2026

Министр Ысык-Көлдө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтө турган жерлерди көрүп чыкты

На русском
17:31, 30-март, 2026 497

АКИpress - Маданият, маалымат, жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев 29-мартта кеңейтилген жумушчу топтун башында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлүүчү жерлерди жеринен көрүп чыкты.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага министрдин орун басарлары Союзбек Надырбеков жана Темирлан Ажымалиев, Ысык-Көл облусу боюнча президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Бакыт Жетигенов, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылыгынын башчысы Нурсултан Аденов, башкы режиссер, эл артисти Алтынбек Максүтов, жайгашкан жерлер үчүн жооптуу болгон сүрөтчүлөр жана кол өнөрчүлөр, министрликтин тиешелүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана кызматкерлери, Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери катышты.

Кыдыруунун жүрүшүндө ар бир жайгашкан жер боюнча даярдык иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат угулуп, уюштуруу маселелери талкууланды. Катышуучулар бир катар сунуштарды жана эскертүүлөрдү айтышты, аларды эске алуу менен даярдыкты мындан ары күчөтүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — бул салттуу спорттун, маданияттын жана материалдык эмес мурастардын айланасында өлкөлөрдү жана элдерди бириктирген эл аралык ири маданий-спорттук иш-чаралардын бири.

Быйыл 31-августтан 6-сентябрга чейин өтүүчү кезектеги оюндарга 100дөн ашуун өлкөнү жана 3000ден ашуун катышуучуну тартуу пландалууда. Программага улуттук жана салттуу спорттун 43 түрү камтылган. Алар 8 багыттагы оюндар — улуттук оюндар, ат жарыш, ат үстүндөгү мелдеш, улуттук күрөш түрлөрү, салттуу күч сыноо түрлөрү, интеллектуалдык оюндар, жаадан атуу, ошондой эле бүркүт жана ит менен аңчылык.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»