21:00, 30-март, 2026

Чет өлкөдөн айыл чарба техникасын алып келип берем деп алдаган шектүү кармалды

На русском
17:29, 30-март, 2026 285

АКИpress - Бишкек шаарында алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

27-февралда милицияга арыз түшкөн. Жабырлануучунун айтымында, 2025-жылдын 19-декабрында ал чет өлкөдөн айыл чарба техникасын алып келип берүүнү убада кылган С.Л. аттуу жаранга ири суммадагы акча берген. Бирок акчаны алган жаран ошол бойдон качып кеткен.

Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен катталып, 1992-жылы туулган шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»