01:58, 31-март, 2026

Илич Марсбек уулу айыл чарба министринин биринчи орун басары болду

На русском
17:12, 30-март, 2026 715

АКИpress - Илич Марсбек уулу 2026-жылдын 30-мартында суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Аны жамаатка Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — министр Эрлист Акунбеков тааныштырды.

Илич Марсбек уулу 1983-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Куртка айылында туулган. Жогорку билимин Түркиядан, Измир университетин башкаруу илимдери багыты боюнча аяктаган. 2014-жылы экономика адистиги боюнча магистр даражасын алган. Ошондой эле мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча эл аралык программаны өткөн.

Эмгек жолун жеке сектордо баштаган. Түрдүү жылдары Нарын облустук мамлекеттик администрациясында, Өкмөт аппаратында иштеген, ошондой эле Айыл чарба министрлигинин системасында бир катар кызматтарды аркалаган.

2019–2021-жылдары өсүмдүктөрдү карантинге алуу боюнча департаментти жетектеп, министрдин орун басары да болгон. Жаңы кызматка дайындалганга чейин «Бай Дыйкан» компаниясынын башкы директорунун орун басары болуп иштеген.

Илич Марсбек уулу III класстагы мамлекеттик кызматтын кеңешчиси. Ал ошондой эле бир катар ардак грамоталар жана «Кыргыз Республикасынын айыл чарбасынын отличниги» төш белгиси менен сыйланган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»