23:25, 30-март, 2026

Президенттин администрациясы «Томми Молл» соода борбору боюнча текшерүү баштады

На русском
16:52, 30-март, 2026 551

АКИpress - Ишкер Шаршенбек Абдыкеримовдун президент Садыр Жапаровго жазган катынан кийин текшерүү башталды. Бул тууралуу «Tazabek» сайтына мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

«Президенттин администрациясы ишкер Шаршенбек Абдыкеримовдун социалдык тармактагы кайрылуусу менен таанышты.

Азыркы учурда кайрылууда баяндалган жагдайлар боюнча мыйзамда каралган тартипте тиешелүү текшерүүлөр жүргүзүлүүдө», - деди Алагөзов.

Ш.Абдыкеримов катында мамлекетке өткөрүлүп берилген «Томми Молл» соода борбору үч-төрт бөлмөлүү батирдин наркы менен бааланып, кийинчерээк Камчыбек Ташиевдин аялы менен аффилирленген адамдарга өтүп кеткендигин билдирген.

Ушуга байланыштуу ишкер президенттен текшерүү жүргүзүүнү өтүнгөн.

УКМК 2024-жылы апрелде «Томми Мол» соода борборундагы 1257,5 чарчы метрлик коммерциялык жайлар мамлекеттин менчигине кайтарылганын билдирген.

«Муниципалдык аймактарды ижарага алгандар тарабынан жер пайдалануу шарттарын аткарбоо фактысы боюнча козгогон кылмыш ишинин алкагында "Томми Мол" соода борборунун 2-кабатындагы баасы 335,7 млн сомду түзгөн аянты 1257,5 чарчы метр коммерциялык жайлар мамлекеттин балансына кайтарылды.

Тергөөнүн жүрүшүндө 2005-жылы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан Токомбаев көчөсүндөгү 0,5 га жер тилкеси жер алдындагы гаражы бар көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу үчүн "К." компаниясына 49 жылга убактылуу пайдаланууга берилгени аныкталды.

Кийинчерээк жерди пайдалануу укугу "Э.К." компаниясына өткөн. Курулган турак жайдын бир бөлүгү муниципалдык менчикке өткөрүлүшү керек болчу.

Бирок жер тилкелерине укук берүү боюнча комиссиянын мыйзамсыз манипуляцияларынын натыйжасында соода-оюн-зоок комплекси курулуп, мамлекет аз камсыз болгон жарандарга турак жай берүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. Бул шаардык бюджетке зыян гана келтирбестен, мамлекеттик бийликке коомдук ишенимдин начарлашына алып келген.

Мындан улам "Э.К." компаниясы "Томми Мол" соода борборунун 1257, 5 чарчы метр аянтын акысыз өткөрүп берди. Аталган аянтта дүкөндөр жана спорт зал жайгашкан, алардын ижара акысы мындан ары шаардык бюджетке түшөт», - деген УКМК.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»