11:53, 31-март, 2026
Учурда окулуп жатат
11:46, 31-март, 2026 (60 адам окуп жатат)
Базар-Коргонго жаңы аким дайындалды
11:29, 31-март, 2026 (32 адам окуп жатат)
Нарынга жаңы мэр дайындалды
11:39, 31-март, 2026 (24 адам окуп жатат)
Темирболот Абыкеев жаңы кызматка дайындалды
11:39, 31-март, 2026 (20 адам окуп жатат)
Руслан Айтбаев Ала-Буканын акими кызматынан кетти

Баңгизат сатууга шектелип 58 жаштагы киши кармалды

На русском
16:33, 30-март, 2026 370

АКИpress - Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

2025-жылдын 10-декабрында Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарында жана Чүй облусунда ооган гашишин сатып жүргөн эркек киши тууралуу маалымат түшкөн. Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча катталган.

Тергөө иштеринин алкагында милиция кызматкерлери андан 1500 сомго гашиш сатып алышкан, ал эми 26-мартта 1968-жылы туулган А.А. аттуу шектүүнү колго түшүрүшкөн. Аны тинтүү учурунда жанынан 40 грамм гашиш табылган.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»