02:43, 31-март, 2026

Ак-Сууда «Алтын-Булак» санаторийи мамлекетке кайтарылды

На русском
16:10, 30-март, 2026 357

АКИpress - Ак-Суу районунда 75 млн сомдук социалдык багыттагы кыймылсыз мүлктөр мамлекетке  кайтарылды, деп билдирди Башкы прокуратура.

Ак-Суу районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө 1993-жылы 2 га жерде жайгашкан 4 корпустуу “Алтын-Булак” санаторийи, ошондой эле 2021-жылы Каракол айыл аймагындагы 0,51 га жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке өткөрүлгөнү аныкталган.

Прокурордук чаралардын натыйжасында базар баасы 71,6 млн сомду түзгөн санаторий жана 3,43 млн сомду түзгөн 0,51 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»