11:16, 1-апрель, 2026

Кыргызстандык дзюдочу Европада кайрадан алтын утту

На русском
15:56, 30-март, 2026 350

АКИpress - Кыргызстандык спортчу Адис Орозмаматов Польшада жаштар арасында өткөн дзюдо боюнча Европа кубогунун ачык мелдешинде алтын медалга ээ болду.

Мелдеш 28-29-март күндөрү Познань шаарында өттү.

Орозмаматов 66 кг салмак категориясында күч сынашты, бул салмакта 28 спортчу ат салышты.

Кыргызстандык спортчу 1/8 финалдан баштап, катары менен төрт жеңишке жетип, 1-орунду ээлеп, алтын медалга татыды.

Бул медаль Орозмаматов үчүн 2026-жылдагы төртүнчү сыйлык болуп калды. Февраль айында ал Болгария жана Боснияда өткөн Европа кубогунун этаптарында эки коло медалга ээ болгон, ал эми март айында Германиядагы мелдеште алтын уткан.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»