АКИpress - Улуттук статистикалык комитет 2026-жылдын 1-февралына карата жарыялаган маалымат боюнча, учурда Кыргызстанда 7 млн 413,6 миң адам жашап жатат. Алардын ичинен 3 млн 668,6 миң жаран эркектер болсо, 3 млн 745 миңи аялдар.
Калктын көпчүлүгү же 4 млн 277,9 миң адам айыл жергесинде, ал эми 3 млн 135,7 миң адам шаарларда жашайт.
Аймактардагы калктын саны
- Ош облусу — 1 млн 440,2 миң адам;
- Жалал-Абад облусу — 1 млн 381,8 миң адам;
- Бишкек шаары — 1 млн 360,7 миң адам;
- Чүй облусу — 984,6 миң адам;
- Баткен облусу — 606,3 миң адам;
- Ысык-Көл облусу — 554,7 миң адам;
- Ош шаары — 485,7 миң адам;
- Нарын облусу — 316,5 миң адам;
- Талас облусу — 283,1 миң адам.