18:29, 30-март, 2026

Кыргызстандын калкы 7,4 миллион адамдан ашты

На русском
16:06, 30-март, 2026 247

АКИpress - Улуттук статистикалык комитет 2026-жылдын 1-февралына карата жарыялаган маалымат боюнча, учурда Кыргызстанда 7 млн 413,6 миң адам жашап жатат. Алардын ичинен 3 млн 668,6 миң жаран эркектер болсо, 3 млн 745 миңи аялдар.

Калктын көпчүлүгү же 4 млн 277,9 миң адам айыл жергесинде, ал эми 3 млн 135,7 миң адам шаарларда жашайт.

Аймактардагы калктын саны

  • Ош облусу — 1 млн 440,2 миң адам;
  • Жалал-Абад облусу — 1 млн 381,8 миң адам;
  • Бишкек шаары — 1 млн 360,7 миң адам;
  • Чүй облусу — 984,6 миң адам;
  • Баткен облусу — 606,3 миң адам;
  • Ысык-Көл облусу — 554,7 миң адам;
  • Ош шаары — 485,7 миң адам;
  • Нарын облусу — 316,5 миң адам;
  • Талас облусу — 283,1 миң адам.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»