18:46, 30-март, 2026

Кара-Балтанын мурдагы мэри Мирлан Жекшенов үй камагына чыгарылды

На русском
14:58, 30-март, 2026 346

АКИpress - Жайыл райондук соту 5-мартта Кара-Балта шаарынын мурдагы мэри Мирлан Жекшеновдун жана иштин башка катышуучуларынын бөгөт чарасын өзгөрттү. Бул тууралуу 30-мартта «Сводка АКИpress» редакциясына Чүй облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Алар үй камагына чыкты.

«Ишти райондук сот кароону улантууда», - деп белгилешти басма сөз кызматынан.

Алар 2025-жылдын 30-июнунда кармалган. УКМКнын маалыматы боюнча, шектүүлөр материалдык пайда табуу максатында кытай өндүрүшүндөгү 17 автобусту кымбат баада сатып алышкан. Атайын кызматтардын маалыматына ылайык, жүргүзүлгөн аудит автобустарды сатып алуудан улам бюджетке 17 млн сомдон ашык зыян келтирилгенин аныктаган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»