11:37, 31-март, 2026
Учурда окулуп жатат
11:22, 31-март, 2026 (23 адам окуп жатат)
Илияз Ташбаев Москва районунун жаңы акими болду
11:29, 31-март, 2026 (16 адам окуп жатат)
Нарынга жаңы мэр дайындалды
11:19, 31-март, 2026 (11 адам окуп жатат)
Москва районунун акими кызматтан кетти

Кара-Балтанын мурдагы мэри Мирлан Жекшенов үй камагына чыгарылды

На русском
14:58, 30-март, 2026 455

АКИpress - Жайыл райондук соту 5-мартта Кара-Балта шаарынын мурдагы мэри Мирлан Жекшеновдун жана иштин башка катышуучуларынын бөгөт чарасын өзгөрттү. Бул тууралуу 30-мартта «Сводка АКИpress» редакциясына Чүй облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Алар үй камагына чыкты.

«Ишти райондук сот кароону улантууда», - деп белгилешти басма сөз кызматынан.

Алар 2025-жылдын 30-июнунда кармалган. УКМКнын маалыматы боюнча, шектүүлөр материалдык пайда табуу максатында кытай өндүрүшүндөгү 17 автобусту кымбат баада сатып алышкан. Атайын кызматтардын маалыматына ылайык, жүргүзүлгөн аудит автобустарды сатып алуудан улам бюджетке 17 млн сомдон ашык зыян келтирилгенин аныктаган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»