АКИpress - Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (ИРСК) деңиз күчтөрүнүн командири Алиреза Тангсири кол салуу учурунда каза болду. Контр-адмиралдын өлүмү тууралуу АКШ жана Израил бийликтери 26-мартта эле кабарлашкан. Бүгүн буцл маалыматты ИРСК тастыктады.
ИРСК билдиргендей, Тангсири уюштуруу жана бекемдөө, ошондой эле аралдардын жана жээктердин коргонуусун күчөтүү учурунда окко учкан. Контр-адмирал алган жаракаттарынан каза болгон. «Бул душмандын маанилүү объектилерин жок кылып, америкалык истребителдин кулашына алып келген оор соккулардан кийин болду», - деп ИРСК билдирүүсүн «IRNA» агенттиги жарыялады.
Тангсири Иран-Ирак согушу маалында деңиз бригадасынын командири болгон. Кийинчерээк ал Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (ИРСК) 1-аскер-деңиз округунун жетекчиси болуп дайындалган. 2018-жылы Ирандын Жогорку лидери Али Хаменеи аны ИРСКнын командири кылып дайындаган. Маркум Ормуз кысыгын жабууга жооптуу болгон.