05:53, 31-март, 2026

Жакынкы күндөрү АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрү өтүшү мүмкүн

На русском
14:53, 30-март, 2026 282

АКИpress - АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрү жакынкы күндөрү Исламабадда өтүшү мүмкүн, деп билдирди Пакистандын тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар. Анын айтымында, Пакистандын бийлиги Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча АКШ менен кызматташып жатат, деп «Dawn» агенттиги жазды.

«Пакистан эки тараптын ортосундагы кырдаалды жөнгө салуу максатында жакынкы күндөрү тараптардын ортосундагы мазмундуу сүйлөшүүлөрдү кабыл алууга жана колдоого кубанычта болот», - деди министр Исламабадда Сауд Арабия, Түркия жана Египеттин тышкы иштер министрлери менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин.

Пакистан, Сауд Арабия, Түркия жана Египет АКШ менен Ирандын ортосундагы жаңжалды жөнгө салуу жолдорун издөө үчүн комитет түзүүнү макулдашты.

Эл аралык атомдук энергия боюнча агенттиктин башкы директору Рафаэл Гросси да АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрү Исламабадда өтүшү мүмкүн деп билдирген. «Axios» маалымат каражаты булактарына таянып сүйлөшүүлөргө Иран парламентинин спикери Мохаммед-Багер Галибаф жана АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс катышышы мүмкүн деп жазды.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»