АКИpress - Бишкек шаардык соту 18-мартта «Унаа» мамлекеттик мекемесинин мурдагы жетекчиси Рустам Жокоевдин иши боюнча апелляциялык арызды жана даттанууну карады.
2024-жылдын 24-сентябрында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) ошол кездеги Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Унаа» мамлекеттик мекемесинин директорун [азыркы Президенттик иш башкармалыкка караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор] кармаганы белгилүү болгон. Анын жанында дагы бир нече адам кармалган. Алар УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
2024-жылдын 30-сентябрында президент Садыр Жапаров кылмыш иши боюнча комментарий берип, Жокоевге таза иштеши үчүн ай сайын 2000 доллар бергенин айткан.
2024-жылдын 1-октябрында Жокоев кызматтан бошотулган, ал эми 2025-жылы үй камагына чыгарылган.
Шаардык соттун аныктамасында айтылгандай, Октябрь райондук соту иш боюнча 5 айыпталуучуну КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) боюнча күнөөлүү деп таап, төмөнкүдөй жазаларды дайындаган:
- Жокоев Рустам Жумакановичке – мамлекеттин кирешесине 550 миң сом айып пул төлөө;
- Б.Н.М. — 550 миң сом;
- С.А.А. — 500 миң сом;
- Ф.А.Ю. — 500 миң сом;
- К.Ж.Т. — 500 миң сом.
5-мартта иш материалдары апелляциялык инстанцияга түшкөн. Мамлекеттик айыптоочу райондук соттун өкүмүн жокко чыгарып, катаал жаза берүүнү сураган, ал эми жактоочу тарап – өкүмдү жокко чыгарып, жаңы чечим чыгарууну талап кылган.
Шаардык соттун жазык иштери жана укук бузуулар боюнча соттук коллегиясы даттанууларды карабай, процессуалдык мыйзам бузууларды жоюу үчүн ишти Октябрь райондук сотуна кайтарды.