22:28, 30-март, 2026

Сүрөт — Бишкектин четиндеги ири карьерде кандай иштер жүрүп жатат?

На русском
13:28, 30-март, 2026 401

АКИpress - Бишкектин түштүк тарабындагы ири карьер толтурулуп жатат. «АКИpress» агенттигинин кабарчысы 30-мартта объектти зыярат кылды.

Жеринде атайын техникалар иштеп жатат: чоң жүк ташуучу унаалар топурак ташып, аймакты толтуруп жатышат. Бул тилкеде кум жана шагыл казылып келген. Иштер ушул жылдын февраль айынын башында башталган.

26-мартта белгилүү болгондой, Бишкек шаардык мэриясы 50,8 гектар аянтты муниципалдык менчиликтен мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүнү пландап жатат. Тиешелүү сунуш Бишкек шаардык кеңешинин токтом долбоорунда камтылган.

Белгиленгендей, 12-мартта мэрия менчик укугун өткөрүп берүү боюнча шаардык кеңешке суроо-талап жөнөткөн. 2026-жылдын 25-февралындагы мэриянын токтомуна ылайык, бул аймак Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине өткөрүлүп берилет.

Маселе тууралуу:

2024-жылдын 21-февралында «Кум-Шагыл» ЖЧКсынын ошол учурдагы жетекчиси Айдин Ибраев ишкананын аймагына кызматкерлер 8-февралдан бери кире албай, завод иши токтоп турганын «АКИpress» агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирип, президент Садыр Жапаровго кайрылган.

2024-жылдын 17-августунда УКМК аянты 17,7 гектар болгон, баасы 1 млрд 953 млн сомдук объект мамлекеттин карамагына кайтарылганын билдирген.

«Завод жана ага жанаша жайгашкан 16,05 га жана 1,2 га стратегиялык маанидеги объекттерди (карьер) мыйзамсыз жеке менчикке чыгаруу фактысы аныкталды. Козголгон кылмыш ишинин алкагында стратегиялык объект жана ага жанаша жайгашкан жерлер 2004-жылы "Кум-Шагыл" жабык акционердик коомунун кызматкерлери тарабынан КРнын мыйзамдарын бузуу менен жеке менчикке берилгени такталды.

Карьерде шагыл, майда таш казылат, ошондой эле курулуш материалдарын чыгаруучу завод бар. 20 жыл ичинде бул стратегиялык объект олуттуу киреше алып келген, бирок мамлекет дээрлик эч нерсе алган эмес. Козголгон кылмыш ишинин алкагында негизги шектүүгө эл аралык издөө жарыяланды», - деп айтылган маалыматта.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»