АКИpress - Бишкектин батыш тарабында «Акнет» провайдеринин интернети жок экендигин абоненттер билдирип жатышат.
Провайдердин комментарийине ылайык, жолду оңдоп-түзөө иштери учурунда кабель үзүлүп калган.
«Интернет байланышын калыбына келтирүүнүн так мөөнөтү азырынча белгисиз», - деп билдиришти компаниядан.