АКИpress - Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) рейтингинде 5 позицияга төмөндөдү.
Март айындагы терезеде кыргызстандыктар жаңы машыктыруучу Роберт Просинечкинин жетекчилиги астында Түркияда эки жолдоштук беттеш өткөрүштү.
Просинечкинин дебюттук беттешинде кыргызстандыктар Экватордук Гвинеяга 0:1 эсебинде утулуп калышты. Бул жеңилүүдөн кийин Кыргызстандын курама командасы ФИФАнын рейтингинде эки позицияга төмөндөп, 105-орунга жайгашты.
Андан кийин Кыргызстандын курама командасы Мадагаскарга (2:5) ири эсепте утулуп, дагы үч позицияны жоготту.
Эки беттештин жыйынтыгы боюнча кыргызстандыктар 4,97 упай жоготуп, учурда 108-орунда.
Март айындагы беттештердин жыйынтыгы боюнча акыркы рейтинг кийинчерээк түзүлөт.