14:55, 31-март, 2026
Учурда окулуп жатат
11:39, 31-март, 2026 (32 адам окуп жатат)
Темирболот Абыкеев жаңы кызматка дайындалды
14:32, 31-март, 2026 (28 адам окуп жатат)
Нарын шаарына жаңы мэр келди. Ал ким?
11:29, 31-март, 2026 (23 адам окуп жатат)
Нарынга жаңы мэр дайындалды
12:06, 31-март, 2026 (13 адам окуп жатат)
Эдилбек Тажимырзаев Кара-Көлдүн мэри болду

Бишкекте унаа алдамчылыгына шектүү кармалды

На русском
12:27, 30-март, 2026 270

АКИpress - Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Милицияга борбор калаанын тургуну арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2025-жылдын 20-апрелинде «БМВ 540I» үлгүсүндөгү унаасын 40 миң долларга саткан. Алгачкы төлөм катары ага 5000 доллар беришкен, бирок кийинчерээк унааны башка бирөөгө кайра сатып, калган акчасын бербей, байланышка чыкпай калышкан.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып,  1993-жылы туулган М.Б. аттуу шектүү кармалып,  убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Укук коргоо органдары кармалган жарандын башка кылмыштарга да тиешеси болушу мүмкүн экенин четке какпайт. Ушуга байланыштуу милиция бул жарандын аракеттеринен жабыркагандарды же кандайдыр бир маалыматы барларды төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап коюуну суранат: 0 (700) 12-66-22 же «102».

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»