03:54, 31-март, 2026

Эскертүү: Айрым унаа жолдордо кар көчкү түшүшү мүмкүн

13:06, 30-март, 2026 156

АКИpress - 31-марттан 2-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасы жогорулаганына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорундагы унаа жолдордо кар көчкү түшүшү мүмкүн, деп эскертти Кыргызгидромет.

Бишкек—Ош автоунаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу), Бишке—Нарын—Торугарт автоунаа жолунун 292-305-чакырымдарында (Долон ашуусу), Балыкчы—Казарман—Жалал-Абад автоунаа жолунун 201-205-260-290-326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) жана Каракол—Эңилчек автоунаа жолунун 45-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү жана кар күрткү түшүшү мүмкүн. Унаа жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык болушу керек.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»