03:53, 31-март, 2026

31-мартка карата күтүлгөн аба ырайы

12:38, 30-март, 2026 584

АКИpress - 31-мартка караган түнү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондорго кар жаашы мүмкүн.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондорго кар жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. 

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнү

түнкүсүн 6...+11

күндүз 22...+27

Талас өрөөнү

түнкүсүн 3...+8

күндүз 18...+23

Баткен облусунда

түнкүсүн 11...+16

күндүз 22...+27

Ош, Жалал-Абад облустарында

түнкүсүн 11...+16

күндүз 22...+27

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн 1...+6

күндүз 14...+19

Нарын облусунда

түнкүсүн -3...+2

күндүз 13...+18

Бийик тоолуу райондордо

түнкүсүн -9...-14

күндүз 0...+5

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 9...+11°, күндүз 24...+26° болот.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»