12:23, 31-март, 2026
Учурда окулуп жатат
11:39, 31-март, 2026 (224 адам окуп жатат)
Темирболот Абыкеев жаңы кызматка дайындалды
11:29, 31-март, 2026 (108 адам окуп жатат)
Нарынга жаңы мэр дайындалды
11:46, 31-март, 2026 (41 адам окуп жатат)
Базар-Коргонго жаңы аким дайындалды

Ошто таштандыдан энергия алган комплексти кура турган кытайлык компанияга салыктык жеңилдик берилди

На русском
12:20, 30-март, 2026 397

АКИpress - Министрлер кабинети «Ош шаарында таштандыларды кайра иштетүү аркылуу электр энергиясын өндүрүүчү комплексти куруу» долбоорун ишке ашырып, жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон уюмдардын тизмесин бекитти. Бул тууралуу 2026-жылдын 16-мартындагы №167-т тескемеде айтылат. Документке ылайык, кытайлык компанияга жеңилдиктер берилди.

Долбоор боюнча бекитилген мамлекеттик орган болуп Инвестициялар боюнча улуттук агенттик аныкталды. Компания үчүн долбоорду ишке ашыруу үчүн алынып келинген технологиялык жабдууларды, анын комплекстөөчү жана запастык бөлүктөрүн, ошондой эле сырьелорду жана материалдарды импорттоого кошумча нарк салыгынан бошотуу белгиленди.

Жеңилдиктин мөөнөтү долбоорду ишке ашыруу мезгилине, бирок 5 жылдан ашпаган мөөнөткө белгиленген. Буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»