03:45, 31-март, 2026

Жогорку Кеңеш кагаздардан баш тартканы турат

На русском
11:57, 30-март, 2026 271

АКИpress - «Жогорку Кеңештин регламенти» жана «Укуктук ченемдик актылар жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Демилгечи – Жогорку Кеңештин депутаты Ырысбек Атажанов.

Депутаттын айтымында, анын максаты – мыйзам долбоорлорун киргизүү жана кароодо кагаз колдонуу менен документ жүгүртүүнү азайтып, бул аркылуу мамлекеттик чыгымдарды кыскартуу болуп саналат.

Атажанов билдиргендей, учурда мыйзам долбоорлору жана коштоочу документтер бир эле учурда электрондук жана кагаз түрүндө берилип жатат. Бул көп жолу басып чыгарууга жана кошумча чыгымдарга алып келет.

Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорлорун жана коштоочу документтерди электрондук форматта киргизүүгө уруксат берүү сунушталууда. Ошол эле учурда, документтерди кагаз түрүндө бир жолу берүү милдеттенмеси калтырылат.

Муну менен Жогорку Кеңештин регламентинин бир катар беренелерине өзгөртүүлөр киргизилүүдө:

  • мыйзам долбоорлору жана документтер бир учурда эки формада эмес, электрондук форматта же кагаз түрүндө берилиши мүмкүн экендиги такталат;
  • жооптуу комитет тарабынан материалдар жөнөтүлгөндө, аларды милдеттүү түрдө эки нускада эмес, кагаз же электрондук түрдө берүүгө жол берилет;
  • мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууга даярдоодо да ушундай эле өзгөртүүлөр киргизилүүдө – материалдар бир формада (электрондук же кагаз) жөнөтүлүшү мүмкүн;

Жогорку Кеңештин документ жүгүртүү тартиби такталат – ал бир эле учурда эки форматта эмес, кагаз же электрондук форматтын бирөөсүндө жүргүзүлүшү мүмкүн;

Өзгөртүүлөр «Укуктук ченемдик актылар жөнүндө» мыйзамына да тиешелүү:

  • укуктук ченемдик актынын долбоору эки форматта милдеттүү түрдө берүү жөнүндө колдонулуп жаткан ченемдин ордуна, кагаз же электрондук түрдө киргизүү сунушталат;

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин жыйындарында депутаттардын сөз сүйлөө тартибин тактоону сунуштайт:

  • фракцияларга, депутаттык топторго, ошондой эле көп мандаттуу округдар боюнча шайланып, фракцияларга же топторго кирбеген депутаттарга сөз сүйлөөгө 10 мүнөткө чейин берилиши мүмкүн;
  • баяндаманын темасы Жогорку Кеңештин төрагасына алдын ала жазуу жүзүндө жөнөтүлүшү керек;
  • макулдашуудан кийин маселе добуш берүүгө чыгарылат.

Депутаттын пикири боюнча, сунушталган өзгөртүүлөр төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:

  • кагазга жана басмага кеткен бюджеттик чыгымдарды кыскартуу;
  • документ жүгүртүүнүн ыкчамдыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу;
  • документтерди сактоону жана издөөнү жөнөкөйлөтүү;
  • мамлекеттик органдардын ишин санариптештирүүнү тездетүү.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»