23:52, 30-март, 2026

Йакын инкарчылар тууралуу эмне белгилүү?

На русском
11:49, 30-март, 2026 1004

АКИpress - «Йакын Инкар» кыймылы «Таблиги жамааттан» бөлүнүп чыккан радикалдык топ катары каралат, деп айтылат Бишкек милициясынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын маалыматында.

«Йакын» сөзү араб тилинен которгондо «ишеним,», ал эми «инкар» – четке кагуу же баш тартуу дегенди билдирет. Милициянын пикири боюнча, «Йакын Инкар» кыймылын уюм деп атоого болбойт.

«Йакын Инкар» кыймылынын мүчөлөрү алгач Ысык-Көл облусунан чыгышкан, азыркы учурда алардын саны 1000 адамдан ашат. «Йакын Инкардын» өзгөчөлүгү ислам мыйзамдарын радикалдуу чечмелөө болуп саналат», - дейт милиция.

Йакын инкарчылардын негизги белгилери:

 - азыркы түзүмдү, замандын өнүгүшүн, илимди жана билимди четке кагуу;

 - мамлекет мыйзамдарын тааныбоо;

 - муфтияттын эрежелерине жана тартибине баш ийбөө;

 - балдарды мектепте окутууга каршы чыгуу;

 - медициналык дарылоодон жана эмдөөдөн баш тартуу;

 - диний фанатизмге жакындык;

 - чет элдик валютаны кармоодон баш тартуу;

 - телефон жана телевизорду колдонуудан баш тартуу.

Тышкы белгилери:

 - чачты ийинге чейин өстүрүү;

 - сакал өстүрүү;

 - Индия-Пакистан маданиятына мүнөздүү узун кийим жана шым кийүү;

 - автоуна колдонуудан баш тартуу.

«Йакын Инкар» кыймылынын мүчөлөрү дават эрежелерин туура эмес колдонуп, үй-бүлөлүк жана коомдук жоопкерчиликтен баш тартышат. Узакка созулган дават учурунда мүлктөрүн сатып, үй-бүлөсүнө ырайымсыз мамиле кылып, аларды каражатсыз калтырышат. Үй-бүлө тийиштүү медициналык камсыздоо, жардам жана билимсиз калат», - дейт милиция.

2017-жылдын 15-июнунда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту «Йакын Инкар» кыймылын экстремисттик деп таап, Кыргызстанда бул кыймылдын ишмердүүлүгүнө тыюу салган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»