АКИpress - Бишкектеги Түштүк магистралда Жукеев-Пудовкин жана Сухэ-Батор көчөлөрүнүн ортосунда жөө адамдар өтүүчү жер үстүндөгү көпүрөнүн конструкциясы чогултулуп жатат.
Бишкекте башка жерлерде дагы жөө адамдар өтүүчү көпүрө курулуп жатат. Алардын бири 7-апрель көчөсүнүн Медеров көчөсү менен кесилишкен жеринде курулууда. Үчүнчүсү болсо Жибек Жолунда, «Табылга» соода борборунун жанында жайгашкан.