15:16, 30-март, 2026

Чеченстанда нөшөрлөгөн жаандан улам өзгөчө кырдаал режими киргизилди

На русском
11:19, 30-март, 2026 324

АКИpress - Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров республиканын аймагына өзгөчө кырдаал режимин киргизди. Бул тууралуу «Чечня сегодня» басылмасы билдирди.

Өзгөчө кырдаал аймагына Грозный жана Аргун шаарлары, ошондой эле Гудермес, Ножай-Юрт, Шали, Урус-Мартан, Курчалой, Ведено, Итум-Кали, Шарой жана Шатой райондору кирди.

Өзгөчө кырдаал режиминин киргизилишине нөшөрлөгөн жамгыр себеп болуп, ал сел жүрүшүнө жана дарыялардагы суунун деңгээлинин көтөрүлүшүнө алып келген.

Түндүк Кавказда катуу нөшөр 27-мартта башталган. Эң көп жабыркаган аймак Дагестан болду — Махачкалада бир сутка ичинде 50 миллиметрден ашык жаан жаап, бул акыркы 100 жылдан ашык убакыт ичиндеги рекорддук көрсөткүч болуп калды. Шаарда өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Жалпы Дагестан боюнча суу ташкынынан улам 320 миңден ашык адам жарыксыз калып, 1,1 миң адам коопсуз жайларга эвакуацияланды. Алдын ала маалыматтар боюнча, 18 калктуу конушта 1,8 миңден ашык үй жана короо-жайларды суу каптаган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»