АКИpress - Түндүк Корея АКШнын материктик бөлүгүнө жете турган континенттер аралык ракеталарда колдонула турган, модернизацияланган катуу отундуу ракета кыймылдаткычын кургакта сынады, деп жазат Associated Press (AP).
Кореянын Борбордук телеграф агенттиги (ЦТАК) белгилегендей, лидер Ким Чен Ын жеке өзү сынады.
Көмүртек композитинен жасалган жаңы кыймылдаткыч 2,5 миң килоньютонга чейин максималдуу түртүү күчүн иштеп чыгат — бул былтыр сентябрда сыналган окшош катуу отундуу кыймылдаткычтан (1,97 миң килоньютон) көп.
Түштүк Кореядагы эксперттер Пхеньян кыймылдаткычтын иштөө убактысы сыяктуу негизги параметрлерин ачыкка чыгарбагандыгын, ошондуктан анын мүнөздөмөлөрү жөнүндөгү билдирүүлөр апыртылып айтылышы мүмкүн экендигин белгилешет.
Акыркы жылдары Түндүк Корея континенттер аралык ракеталарды бир нече жолу сынап, АКШнын кургак бөлүгүнө жете ала турган диапазонду көрсөттү, деп белгилейт басылма. .