АКИpress - Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жарандыгын кабыл алуу, жарандыктан чыгуу жана жарандыгын жоготуу жөнүндөгү жарлыктарга кол койду.
Жарандыкты кабыл алгандардын көпчүлүгүн тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар, жарандыгын калыбына келтирип жаткандар түзөт, деп билдирди мамлекет башчынын басма сөз кызматы.