АКИpress - 29-мартта Гуанчжоу—Бишкек—Гуанчжоу багыты боюнча алгачкы каттам ишке ашырылды. Бул каттамдагы учактар жумасына эки жолу — шаршемби жана жекшемби күндөрү учуп турат.
Алгачкы каттам менен «Манас» эл аралык аэропортуна 134 жүргүнчү келди. Ал эми Гуанчжоуга 104 жүргүнчү учуп кетти.
Мындан тышкары Бишкектен Пекин шаарына жумасына 6 каттам аткарылат.