23:28, 30-март, 2026

Кыргызстанда төрөттүн саны эмне үчүн азаюуда жана анын кесепети кандай болот? Адис менен маек

На русском
10:48, 30-март, 2026 497

АКИpress - Кыргызстанда төрөттүн саны алтынчы жыл катары менен азайып жатат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, мурда өлкөдө жыл сайын 150 миңге чейин төрөт катталса, акыркы жылдары жаңы төрөлгөндөрдүн саны 20-30 миңге азайган.

«АКИpress» Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Шайырбек Сулайманов менен өлкөдө төрөттүн азайышы чындап эле байкалып жатабы деген темада сүйлөштү.

- Акыркы жылдары Кыргызстанда төрөттүн саны кандай өзгөрдү?

- Өлкөдө акыркы жылдары төрөттүн туруктуу азайышы байкалууда. 2020-2025-жылдар аралыгында тирүү төрөлгөндөрдүн саны 158 миң 112ден 140 миң 913кө чейин азайган, бул аталган көрсөткүч 10,9%га төмөндөгөндүгүн билдирет.

- Бир аялга орто эсеп менен канча бала туура келет жана келиндер арасында биринчи төрөттүн жашы өзгөрдүбү?

- Орто эсеп менен аялдар 3 жана андан көп бала төрөшөт, айыл жергесинде — төрт жана андан көп. Төрөттүн жалпы коэффициенти бир аялга болжол менен 3 баланы түзөт.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, биринчи бала төрөгөн аялдардын орточо жашы болжол менен 20-24 жаш.

- Аймактар боюнча төрөттүн санында айырмачылыктар барбы?

- 2025-жылы Кыргызстан боюнча төрөттүн саны 1,5%га азайган. Бардык облустарда азаюу байкалууда, ал эми Бишкекте тескерисинче, 2024-жылга салыштырмалуу 3,3%га өсүү катталган.

- Төрөттүн азайышына таасир эткен факторлор кайсы?

- Улуттук статистика комитетинин жана медициналык статистиканын маалыматы боюнча, Кыргызстанда аялдар арасында репродуктивдик ден соолукка кыйыр таасир тийгизиши мүмкүн болгон оорулар кеңири таралган. Булар заара-жыныс системасынын оорулары (цистит, пиелонефрит), жыныс органдарынын инфекциялык-сезгениши, эндокриндик бузулуулар (калкан безинин, уйку безинин оорулары, гормоналдык бузулуулар), онкологиялык оорулар (эмчек рагы, жатын моюнчасынын рагы), кан оорулары (аз кандуулук, темирдин жетишсиздиги), ошондой эле жүрөк-кан тамыр көйгөйлөрү.

18-30 жаштагы аялдарда көбүнчө сезгенүү жана жыныс органдарынын жугуштуу оорулары, аз кандуулук, гормоналдык бузулуулар, ошондой эле кош бойлуулуктун жана төрөттүн кесепеттери катталат.

- Тукумсуздук көйгөйү кантип дарыланат?

- Репродуктивдик ден соолук, анын ичинде үй-бүлөнү пландоо жана тукумсуздукту дарылоо Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тутумунун артыкчылыктуу багыттарынан болуп саналат.

Электрондук саламаттыкты сактоо борборунун маалыматы боюнча, 2025-жылы эркектер арасында 111 учурда (анын ичинен 51и биринчи жолу аныкталган) жана аялдар арасында 1676 учурда (827и биринчи жолу аныкталган) тукумсуздук катталган. Ошол эле учурда, адистердин баамында, бул көйгөй жубайлардын 15-20%ын камтышы мүмкүн.

Тукумсуздукту диагностикалоо жана дарылоо боюнча иштер жүрүп жатат, анын ичинде Кыргыз улуттук адамдын репродуктивдик борборунун базасында заманбап медициналык технологияны колдонуу да бар. Ошондой эле, дарылоонун бирдиктүү стандарттарын киргизүү үчүн биринчи звенонун дарыгерлери, акушер-гинекологдор жана репродуктологдор үчүн методикалык сунуштамалар иштелип чыккан. Жалпысынан система базалык инфраструктураны жана заманбап ыкмаларды камтыйт, бирок мындай кызматтарга жеткиликтүүлүк бирдей эмес.

- Үй-бүлөнү пландоо жана репродуктивдик ден соолукту сактоо үчүн медициналык жардам канчалык жеткиликтүү?

- Биринчи медициналык-санитардык жардам деңгээлиндеги саламаттыкты сактоо тутуму үй-бүлөлүк принцип боюнча уюштурулган, бирок анын репродуктивдик ден соолук чөйрөсүндөгү мүмкүнчүлүктөрү чектелүү бойдон калууда.

Анын инфраструктурасы 1086 фельдшердик-акушердик пунктту (дарыгерлерсиз), 682 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун, 24 үй-бүлөлүк медицина борборун жана 56 жалпы практикалык дарыгерлер борборун камтыйт.

Кадрдык потенциалды 204 акушер-гинеколог, 55 уролог, 1877 үй-бүлөлүк дарыгер жана 5787 үй-бүлөлүк медайым түзөт.

- Төрөттүн азайышы өлкө үчүн, саламаттыкты сактоо жана социалдык колдоо тутумуна кандай демографиялык кесепеттерди алып келиши мүмкүн? Жаштар менен карылардын үлүшү кандай өзгөрөт?

- Кыргызстанда төрөттүн санынын азайышы өлкөнүн демографиялык түзүмүндө акырындык менен, бирок маанилүү өзгөрүүлөргө алып келиши мүмкүн. Эгерде учурдагы тенденциялар улана берсе, калк картая баштайт.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан салыштырмалуу жаш өлкө бойдон калууда, бирок балдардын жана жаштардын үлүшү азайып, ал эми улгайган жарандардын саны өсөт. Бул курактык балансты өзгөртөт: мурда калктын негизин жаштар түзгөн болсо, келечекте түзүм «чоңдорго» карай жылат.

Мындай өзгөрүүлөр саламаттыкты сактоо тутумуна түздөн-түз таасирин тийгизет: өнөкөт ооруларды, анын ичинде жүрөк-кан тамыр жана эндокриндик ооруларды дарылоого, ошондой эле улгайган адамдарды узак медициналык байкоо жана кам көрүү кызматтарына болгон суроо-талап жогорулайт. Бул медициналык мекемелерге кошумча жүктөм түзүп, мамлекеттик чыгымдарды көбөйтөт.

Келечекте төрөттүн азайышы өлкөнүн экономикасына жана социалдык туруктуулугуна олуттуу таасир этиши мүмкүн.

- Төрөттү стимулдаштыруу үчүн кандай программалар же демилгелер ишке ашырылууда?

- Кыргызстанда үй-бүлөлөрдү колдоого жана төрөттү стимулдаштырууга багытталган чаралар комплекси иштейт. Негизги көңүл каржылык жардамга, социалдык коргоого жана үй-бүлө институтун чыңдоого бурулат.

- Репродуктивдик ден соолук жана үй-бүлөнү пландоо боюнча билим берүү кампаниялары өткөрүлүп жатабы, жана калктын билиминин деңгээли төрөттүн санына кандай таасир этет?

- Кыргызстанда репродуктивдик ден соолук жана үй-бүлөнү пландоо боюнча билим берүү программалары ишке ашырылууда — мамлекеттик да, эл аралык уюмдардын жана бейөкмөт уюмдардын колдоосу менен да. Мисалы, ЮНФПА контрацепция жөнүндө маалыматка жетүүнү жана жаштар үчүн тренингдерди камсыз кылып, ар бир кош бойлуулуктун аң-сезимдүү жана коопсуз болушуна аракет кылууда. Өлкө 2018-жылдан бери «Үй-бүлөнү пландаштыруу 2030» глобалдык демилгесине катышууда, анын максаты өспүрүмдөрдүн төрөтүнүн санын азайтуу жана маалыматка жетүүнү кеңейтүү болуп саналат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Республикалык саламаттыкты чыңдоо борбору семинарларды, лекцияларды, интерактивдүү сабактарды жана маалыматтык кампанияларды өткөрөт. Айрым долбоорлор айыл жерлерине, аялдарга жана үй-бүлөлөргө багытталган, анын ичинде кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде материалдар, үй-бүлөнү пландоо жана эне менен балага кам көрүү боюнча окутуулар.

Бирок, көп жаштар аң-сезимдүү түрдө үй-бүлө курууну пландабай, толук маалыматка ээ боло элек. Билим берүү кампанияларынын системасы бар, бирок ал бардык калкты камтый бербейт, ал эми окутуу көбүнчө фрагментардык жана милдеттүү эмес.

- Төрөттүн санын көбөйтүүгө жана калктын картаюу тобокелдигин азайтууга кандай жаңы чаралар жардам бере алат?

- Универсалдуу «сыйкырдуу чечим» жок. Жада калса эң ийгиликтүү өлкөлөрдө да төрөттүн санын бир аз гана көбөйтүүгө мүмкүн болду. Кыргызстан үчүн натыйжалуу стратегия — бул экономикалык, социалдык жана маданий чаралардын айкалышы. Реалдуу багыттар — төрөттү ченемдүү стимулдаштыруу жана системаны калктын картаюусуна даярдоо.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»